Ноокатта 62 жаштагы жаранды унаа тебелеп каза болду

Ош облусунун Ноокат районунун 62 жаштагы тургунун унаа тебелеп, ооруканада каза болду. Бул туурасында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя 30-мартта саат 08:30дар чамасында Зулуев айыл аймагында орун алган. Анда Айт намазынан чыгып келе жаткан 1962-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды, 1979-жылы туулган Т.Б. өзүнүн башкаруусундагы Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаасы менен артка айдап жатып тебелеп алган.

Башкармалык унаа алдында калган жаран Ноокат районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугун кошумчалады.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан