Ош шаарында 49 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал алдамчылык боюнча эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аны өз мекенине кайтаруу боюнча тараптар сүйлөшүп жатышат. Шаардык милиция чет элдиктин Кыргызстанда да жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатканын кошумчалады.