Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы аттракциондон кулап түшкөн кыз тууралуу Бишкек мэриясы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, кечээ 31-мартта аттракцион иштеп жаткан учурда эки коопсуздук куру чечилип, натыйжада бир кыз жерге кулап түшкөн.
Мэрия учурда иликтөө жана техникалык кароо жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу бардык аттракциондордун коопсуздук талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Ал эми парктын администрациясы аттракциондор толук кандуу оңдолгонун билдирген. Ошондой эле парктын кызматкерлери кызга аттракционго түшүү маалында коопсуздук курун чыгарбоону эскертишкенин айтышкан.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен Биринчи май акимиаты биргеликте комиссиянын отурумун өткөрүүдө, анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат бериле турганы айтылды.