Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов өлкө башчысынын жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министрилигинин аты өзгөртүлгөнүн белгилеп, ага байланыштуу министр Жамангуловдун талапкерлиги аталышы жаңыртылган министрликтин жетекчисине сунушталып жатканын билдирди.
Депутат Исхак Масалиев ал эки ай мурун эле санарип министри кызматына бекигенин эске салды.
"Урматтуу министр, көрдүңүзбү, ай сайын кайрадан жаңы кызматка коюп жатабыз. Айлык ала элек эле кайра министр болуп отурат. Бактылуу жигит турбайбы", - деген ал Жамангуловдон жасалма интеллекттин коркунучтарын да эске алууга чакырды.
Эл өкүлү жасалма интеллект өнүккөнү башка жактар аркылуу жарандын атынан ар кандай нерселер жасалып жатканын белгилеп, адам укугу, коопсуздугу корголушу керектигин белгиледи.
Ал эми депутат Балбак Түлөбаев америкалык Илон Масктын жемкорлук менен күрөшүп жатканын белгилеп, жаңы министрди миллиардердин санариптештирүүдөгү тажрыйбасын колдонууга үндөдү.
Белгилей кетсек, Азамат Жамангуловдун Жогорку Кеңештин 30-январдагы жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып, колдоо тапкан болчу.