"Манас" аэропортундагы бомба боюнча жалган маалымат тараткан аял кармалды

“Манас” аэропортундагы бомба тууралуу жалган маалымат билдирген аял кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери аба майданда бомба бардыгы жөнүндө маалымат келип түшкөнүн кабарлаган. Аларга белгисиз аял чалып билдирип, бомба каалаган убакта жарылып кетиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1975-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан