Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Азамат Айтбеков дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекемеден бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Кабарга ылайык, Айтбеков буга чейин ИИМдин ЖКККББнын атайын ротасынын командири кызматын ээлеп келген.
Ал эми милициянын капитаны Мирлан Балманов менен милициянын майору Мирбек Керимбеков Чүй ЖКККБнын жетекчисинин орун басарлары болуп дайындалышты.
Балманов мурда Ысык-Ата РИИБи боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн башчысы, Керимбеков буга чейин Жайыл РИИБи боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеген.
Ошондой эле милициянын подполковниги Руслан Чолушов ЖКК батальонун командири болуп дайындалды. Ал мурун Чүй ЖКККБнын издөө тобунун тескөөчү кызматын аркалаган.
Жаңы дайындалган жетекчилерди өздүк курамга ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков тааныштырды. Ал жаңы дайындалган жетекчилерге жол кырсыктарын алдын алуу максатында алгылыктуу иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.