Бишкекте жол тескөөчүгө кол салган айдоочу камакка алынды

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине баш ийбей, аларга карата күч колдонгон айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу калаанын Ленин РИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми унаа айып короо жайына коюлган.

Окуянын чоо-жайы:

Бүгүн, 1-апрелде саат 13:10 чамасында Кайгуул кызматкерлери чет өлкөлүк номурдагы Toyota Alphard үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарбай, качууга аракет кылган.

Кызматкерлер аны токтотуп кармаган учурда айдоочу сөгүнүп, аларга карата күч колдонгон жана кайрадан качууга аракет кылган. Окуя Пушкин жана Бобулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кийинчерээк аталган айдоочу жолдун ортосунан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан