UFC чемпиону Ислам Махачев дагестандык клубдан баш тартты

Орусиялык UFC мушкери Ислам Махачев "Динамо Махачкала" футболдук клубу менен профессионалдык келишимге кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун президенти Гаджи Гаджиев билдирди.

Ал коомчулукка кайрылып, мушкерди Дагестандын клубу менен келишим түзүүгө көндүрүүгө чакырды.

"Биз жөн гана байланышып жатабыз. Ал арызга макулдук бербей жатат. Коомчулук көтөрүлүп, ар бирибиз аны өзүнүн "Динамосуна" жазылуусун талап кылышы керек", - деген Гаджиев Sport Express басылмасына берген маегинде.

Белгилей кетсек, "Динамо Махачкала" клубу Орусия чемпиондугунун жогорку дивизионунда ойногон Дагестандын жалгыз футбол клубу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан