Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун коргоочусу Давид Алаба Испания Кубогунун жарым финалында "Реал Сосьедад" менен болгон жооптук оюнда адаттан тыш дубль жасады.
Алгач австриялык футболчу 72-мүнөттө өз дарбазасына гол киргизсе, андан кийин 80-мүнөттө атаандашына гол киргизүүгө жардам берди.
Бул сезондо Давид Алаба "Реалдын" курамында тогуз гана беттеш өткөрүп, бир да гол киргизе алган эмес. 32 жаштагы футболчу тизесинен алган жаракатынан улам сезондун көп бөлүгүн өткөрүп жиберди.
Жыйынтыгында беттеш 4:4 эсебинде аяктап, эки оюндун жыйынтыгы менен "Реал Мадрид" финалга жолдомо алды.
Эске сала кетсек, "Реал Мадрид" менен "Реал Сосьедаддын" ортосундагы биринчи беттеш февралда Сан-Себастьян шаарында өтүп, 1:0 эсебинде мадриддиктердин жеңиши менен аяктаган. Ал оюндагы жалгыз голду Эндрик (19-мүнөттө) киргизген.