АКШнын Украинадагы согушту токтотууга багытталган сунуштары жаңжалдын түпкү себептерин чече албайт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков International Affairs журналына берген маегинде билдирди.
Ал Москва Украинадагы кризиске алып келген көйгөйдүн түпкү себептерин чечүүнү каалай турганын, ошондуктан Вашингтондун кызыкчылыгы эске алынбай турганын белгилеп, Кремль Американын сунуштарын кабыл ала албастыгын айтты. Орус аткаминери бул маселеде америкалык топ менен Эр-Риядда сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.
"Бүгүнкү күндө болгону америкалыктар ойлогондой ок атышпоо келишимине жетишүүгө мүмкүндүк бере турган кандайдыр бир схеманы табуу аракети болуп саналат. Анан дагы башка моделдерге жана схемаларга өтүү керек, аларда бүгүнкү күндө биздин негизги талабыбызды чечүүгө орун жок", - деген ал.
Ошондой эле Рябков учурдагы кырдаалды оңдоо керектигин кошумчалады.