Исландиянын Гриндавик шаарына жакын жерде жайгашкан Сундхнукур жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жанар тоонун атылышы кечээ, 1-апрель күнү эртең менен башталган. Исландиянын жергиликтүү бийлиги тараткан маалыматка караганда, от чыккан жараканын узундугу 1,2 чакырымга жеткен жана ал кеңейүүдө.
Буга байланыштуу тоого жакын аймактардагы адамдар жана эс алуучулар эвакуацияланган.
Белгилей кетсек, Исландиянын аталган аймагында өткөн жылдын август айында дагы жанар тоо атылган.