Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайвандын айланасында масштабдуу аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын армиясы, деңиз флоту, аба күчтөрү жана ракеталык күчтөрү кечээ, 1-апрелде Тайванга жакын аймактарда машыгуусун баштап, анын алкагында ок атышуулар да болгон.
Ошондой эле машыгууларды "Кытайдын эгемендүүлүгүн жана улуттук биримдигин коргоо үчүн мыйзамдуу жана зарыл чара" жана Тайвандын бийлигине "олуттуу эскертүү жана күчтүү тоскоол" деп аташкан.
Ал эми Тайвандын Улуттук Коргоо министрлиги акыркы сутка ичинде кеминде 19 Кытайдын согуштук кемеси Тайванга жакын сууларда болгонун билдирген. Кырдаалга байланыштуу Тайван машыгууну көзөмөлдөө үчүн атайын топ түзгөнүн кабарлашкан.