Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өкмөттү мыйзамсыз делген объекттерди бузууда этият болууга чакырды.
Ал айылдардагы жолдорду кеңейтүүдө тургундардын үйлөрү, короо жайлары буздурулуп жатканын белгиледи.
"Тынч, жөн-жай жаткан элди козутуп коюп жатат. Эми эл өзү деле чындап жолго олуттуураак чыгып кеткендерин бузуп, иретке келтирүүгө макул. Бирок кээ бир жерлерде аткаруу бийлиги аша чаап кеткен учурлар болуп жатат. Мунун этият кылыш керек", - деди ал.
Буга чейин депутат Улугбек Ормонов "снос" деген сөз айылдарды каптап жатканын айтып, тийиштүү органдардан түшүндүрмө талап кылган.