Чүй милициясы "Унаа" мекемесинин кызматкерине үч кылмыш ишин козгоду

Чүй облусунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жасалма документтер менен автоунааны мыйзамсыз каттатып жүргөн Унаа мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.К. аттуу жаран “INFINITY FX37” үлгүсүндөгү унааны жасалма документтер менен каттоого “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Ш.Б.га 1500 доллар өлчөмүндө пара бергендиги аныкталган. Андан соң аталган мекеменин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси С.Д.га тапшырып, ал башка адамдар менен биргеликте жасалма документтердин жетишпеген бөлүктөрүн даярдап, андан соң автоунааны мыйзамсыз катташкан. Унаанын ээси документтер бүткөн соң үчүнчү жактарга сатып, алар унааны Казакстанга алып чыгып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу), 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379- беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада 1960-жылы туулган, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси С.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан