"Блогерлер айтса эле..." Парламент төрагасы укук коргоо органдарын этият болууга чакырды (видео)

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу укук коргоо органдарын блогерлердин маалыматына этият болууга чакырды.

Анын айтымында, блогерлердин такталбаган маалыматынан улам ишкерлер, мамлекеттик органдар жөнү жок текшерүүлөргө учураган учурлар көп болууда.

"Бардык жерде "телефон көтөргөн блогерлер көбөйүп кетти" деп жатышат. Ишкерлерден "блогерлер айтса эле прокуратура, ИИМ, УКМК баса калып, бизди жүдөтүп жатат, текшерүүдөн башыбыз чыкпай жатат" дешкендер көп болууда.

Ошондуктан укук коргоо органдары текшерүүдө этият болсоңуздар, ишкерлер эле эмес, мамлекеттик органдар да тоскоолдуктарга учурап жатат. Блогерлер бүт баарын анализдеп, туура, анан так айтса бир жөн. Анан кээ бирлери таарынычтан, көрө албастыктан айтып койсо эле жабыла текшерүүлөр болбошу керек", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 02.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан