Чүй облусунун Москва районундагы 27,4 гектар жер тилкедеги мүлк комплекси менен ипподром мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, мыйзамсыз менчиктештирилгенге чейин бул объект асыл тукум жылкыларды таптоо жана идентификациялоо үчүн сыноочу ипподром катары колдонулуп, маданий-социалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү жай болгон. Мындан тышкары ипподромду жеке адамдар алгандан кийин алардын айрымдары аталган жер тилкени бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.
УКМКнын текшерүүсүнөн соң, 28-мартта аталган ипподром Москва районунун Нарзан айыл аймагынын балансына кайтарылды.