Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков айылдардагы үйлөрдүн бузулуп жатканы боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы үйлөр толук бузулсун деген токтом чыгып, алар бузулуу алдында турат.
"Бүгүнкү күндө 20-30-жылдар бою оңдолбой келген жолдор оңдолуп жатат. Бул жакшы. Бирок, мага Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл аймагына караштуу Жийде айылынын тургундары кайрылышты. Аталган айылда 150дөн ашуун түтүн бар. Биз 2023-жылы автожолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганбыз, Жийде, Октябрь, Тоготой айылындагы жолдорду ошол мыйзамдын 5-категориясына такап, буздурганы жатышкан экен. Жийде айылындагы 100 пайыз үйдү буздуруу үчүн токтом чыгыптыр.
Муну этап-этабы менен кылуу керек да. Бир айылдын үйүн толук буздуруу деген эмне? Дубалдарды бузганда "макул иретке келтиргиле" деп жатабыз. Айыл жериндеги экономиканы билебиз, элдер кыйналып жашайт. Бардыгын бузуп салган туура эмес. Муну кайра карап чыгуу керек", - деди депутат.