Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекемесинин башчысы А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган.
"Ал бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "жатак абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды.
Мындан тышкары 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында А.Т. жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайлап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган", - деп билдиришти УКМКдан.
Кармалган адамга карата чогултулган далилдердин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы тандалган.
УКМК учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.