Азербайжандан келе жаткан ӨКМдин кызматкерлерине Казакстанда сый көрсөтүлүүдө (видео)

Азербайжан берген техникаларды Кыргызстанга алып келе жаткан ӨКМдин кызматкерлерине Казакстанда өзгөчө сый көрсөтүлүүдө. Социалдык баракчаларда тараган видеодо кыргыз куткаруучуларын казак кесиптештери жасалган дасторкон менен тосуп алып, аларга өзгөчө урмат кылышканын көрүүгө болот.

Аларга тамак-аш жана эс алуу жайлары уюштурулуп, сый көрсөтүү ар бир токтогон аймакта болуп жаткандыгын өздүк булактар билдирди.

Белгилей кетсек, 22-мартта Баку шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан тараптан өрт өчүрүүчү 10 унаа тапшырылган. Өрт өчүрүүчү унаалар өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылгандыгы айтылган.

02.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан