"Өтө орой..." Мирлан Самыйкожо аны менен кайым айтышкан Шамыркановго чара көрүлүшү керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго чара көрүлүшү керектигин айтты.

Эл өкүлү анын парламенттин тармактык комитетиндеги жообу орой болгонун белгилеп, комитет ага чара көрүү боюнча чечим кабыл алынганын айтты.

"Министрдин орун басары өзүнүн чөнтөгүнөн берип жаткансып, "Ак-Талаа районуна акча жок" дейт. Биз элдин көйгөйүн айтып жатабыз да, муну президентке сөзсүз жеткириңиздер. Урматтуу төрага Нурланбек Тургунбек уулу, сизден анын кызмат ордуна тийиштүү баа берүүнү жана кызматтык этиканы сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү өтүнөм.

Кечээ элдин берген суроолоруна өтө орой, одоно жооп бергендиги үчүн. Кечээ комитеттин чечимин дагы чыгардык. Чечимде дагы Конституциянын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Шамыркановго тартиптик жаза чараларын колдонуу сунушталат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кайым айтыша кетишкен.

Жогорку Кеңеш 02.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан