Садыр Жапаров Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды

Бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Өкмөттүн төрагасынын орун басарынын сапары жемиштүү болуп, ал эми жетишилген макулдашуулар өзгөчө өз ара түшүнүшүүгө жана толук ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Садыр Жапаров соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы абдан ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен Орусия мындан ары да бардык тармактарда кеңири форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өз ара тыгыз аракеттешүүгө даяр экенин баса көрсөттү.

Алексей Оверчук эки өлкөнүн интеграциялык бирикмелердин (ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, ЖККУ) алкагындагы өз ара аракеттенүү деңгээлине канааттануу билдирип, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы өлкөлөрдүн жигердүү жана жемиштүү кызматташтыгын баса көрсөттү. Ал белгилегендей, Кыргызстандын бул процесстерге катышуусу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана бүтүндөй биримдиктин дараметин кеңейтүүгө чындап түрткү берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан