USAID'дин чет өлкөлөрдөгү дээрлик бардык кызматкерлери сентябрга чейин кыскартылат

АКШда Илон Маск башкарган Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаменти чет элдеги Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) түзүмдөрүндө иштеген дээрлик бардык кызматкерлерди сентябрь айына чейин иштен бошотууга буйрук бергенин Reuters басылмасы булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалымдалгандай, 29-мартта аталган департамент Конгресске USAID'ди кайра уюштуруу пландары тууралуу кабарлады.

"Кызматтан бошотуу эскертүүлөрү жергиликтүү жалданган 10 миңден ашык кызматкерлерге, ошондой эле 600 америкалык дипломаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге жөнөтүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миңдеген кызматкерлер жумуштан бошотулуп, миңдей долбоорлор токтотулду. USAID 60тан ашык өлкөдө иш алып барып, анын каражаттарынын көбү гуманитардык жардамга жана саламаттыкты сактоо программаларына жумшалып келген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп АКШга президент болуп шайланып келгенден бери USAID'ди жабуу керектигин айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан