Алексей Оверчукка президенттин атынан Достук ордени тапшырылды

Бүгүн, 2-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуу кеңейтилген курамда өткөрүлдү. Анда Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине, ошондой эле эки мамлекеттин лидерлери тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдөгү оң динамикага да көңүл бурулду. 2024-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,5 миллиард долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 14,5% өсүштү көрсөттү. Тараптар сооданын көлөмүн мындан ары да көбөйтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. Ошондой эле Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөр болду.

Кошумчалангандай, жыйындын соңунда Алексей Оверчукка Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Достук ордени тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан