Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 3-апрелде өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +19 ... +24;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +18 ... +23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +22 ... +27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +9 ... +14;
Нарын дубанында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +12 ... +17;
Бишкекте түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +21 ... +23 градус болот.