Бишкекте баңгизатын өндүрүү жана таратуу менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

Бишкекте баңгизатын өндүрүү жана таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, атайын кызмат кара куурай майын (гашиш майын) өндүрүү жана таратуу менен алектенген адамдардын кылмыштуу тобун аныктап, алардын ишине бөгөт койду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-пунктунда (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Натыйжада кара куурай майынын кезектеги партиясын сатууга даярдоо учурунда Кыргызстандын эки жараны Д.А. жана Е.Н. кармалды. Учурда шектүүлөр №1 тергөө абагына киргизилди.
Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда далил буюмдар табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
02.04.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан