Жан-Клод Ван Дамм Румыниядагы кылмышка айыпталууда

Белгилүү актёр Жан-Клод Ван Дамм адам сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Румынияда адам сатуу, анын ичинде жашы жете электер боюнча тергелип жаткан иште ал айыпталуучу болуп калган. Тагыраагы, актёр 10 жылдай мурун Канн шаарында сойкулукка мажбурланган беш румын кыздын кызматын пайдаланган деп шектелүүдө. Ага кыздарды румыниялык ишкер, EuroDemos бейөкмөт уюмунун президенти жана Kasta Morrely моделдик агенттиктин ээси Морел Боля тандап берген. Боля козголгон кылмыш иште башкы айыпталуучу.

Иштин материалдарында 2000-жылдан 2016-жылга чейин кыздар, анын ичинде жашы жете электер бул бейөкмөт уюм жана моделдик агенттик аркылуу сексуалдык кызматтарга мажбурланып тартылганы айтылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан