
Эмгек кодексине ылайык, 7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү майрам, бирок иш күнү болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги бүгүн, 2-апрелде эскертти.
Ведомство билдиргендей, май айында кыргызстандыктар 1-майдан 11-майга чейин эс алышат.
"Анткени май майрамдары 1-майдан 9-майга чейин, ал эми 10 жана 11-май дем алыш күндөрүнө туура келет" дешти мекемеден.