
Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылында турак үйдө
чыккан өрт саат 17:30да толук өчүрүлдү. Бул боюнча ӨКМ билдирүү таратты.
Жеринде иш алып барган ыкчам штабдын маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 240-250 чарчы метрди түзгөн.
Андан жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды. Бир турак үйдөн чыккан өрт эки тарабындагы кошуна үйлөргө өтүп, үч турак үй жабыркаган.