Кара-Балта шаарындагы "Эки-Дос" тез тамактануучу жайында мушташууга шектүү жарандар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымдады.
Ага ылайык, соцтармакта 2-апрель кечинде Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан «Эки-Дос» тез тамактануучу жайында жаш жигиттердин ортосунда чыккан мушташтын видеосу жарыяланган.
Аталган факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Анын алкагында окуянын катышуучулары — 19 жаштагы төрт жигит жана башкалар аныкталып, Жайыл РИИБге жеткирилген.
Милиция тактагандай, катышуучулардын денесинде жаракаттар жок. Алар бири-бирине дооматтары жок болгондуктан арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Ошондой эле "Эки-Достун" ээси материалдык зыян келтирилбегендиктен арыз жазуудан баш тартты.
"Учурда бул материал боюнча текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгында Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат" дешти милициядан.