Легендарлуу орусиялык мушкер Александр Емельяненко омуртка грыжасынан дарыланып жаткан реабилитациялык борбордон чыгарылды. Бул тууралуу мушкердин өкүлү билдирди.
"Александр реабилитациялык борбордон чыгарылды. Азыр ал үйүндө. Ал учурда коляскада отурат жана өз алдынча баса албайт", - деген мушкердин командасынын өкүлү
Александр Емельяненко 43 жашта. Ал орусиялык легендарлуу мушкер Фёдор Емельяненконун иниси. Ал 2003-жылы профессионал мушкер катары дебют жасаган. Александр Pride, M-1 жана RCC сыяктуу промоушндарда катышкан. Жалпысынан анын эсебинде 28 жеңиш жана 9 жеңилүү бар.