Мадриддик "Реалдын" башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти Испаниядагы салыктык көз боёмочулук боюнча сотто көрсөтмө берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Италиялык адис 2014-2015-жылдары 1,2 миллион евро өлчөмүндө салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда.
Мадриддин прокурорлору Анчелоттини 4 жыл 9 айга эркинен ажыратууну жана 3,1 миллион евро айып пул төлөтүүнү талап кылууда. Айыптоо корутундусуна ылайык, ал "Реал Мадриддеги" айлыгын гана декларациялап, башка кирешесин жашырган.
Анчелоттинин жалпы салык карызы 1 миллион 217 миң 958 евро, айып пул 243 миң 593 евро жана үстөк пайызы 47 миң 298 евро.
Азырынча сот Анчелоттинин иши боюнча акыркы чечимди чыгара элек. Бирок эгерде ал күнөөлүү деп табылса, ага абак мөөнөтү берилиши мүмкүн.
Сот аяктагандан кийин Анчелотти сот имаратынан чыгып бара жатып журналисттерге "баары жакшы" деген.