"Камчы керек да". Акбөкөн Таштанбеков социалдык объектилерди мамлекетке каттоодо көйгөй бар экенин кайталады (видео)

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков каттоодон өтпөгөн социалдык объектилерди мамлекетке алууда жергиликтүү бийлик тийиштүү милдетин аткарбай жатканын билдирди.

"Кечээ күнү эмоцияга алдырып айта турчу сөзүмдүн жарымы чөнтөгүмдө калып калыптыр. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "өткөрүп берем" деп макул болуп жатат.

Бүгүнкү көйгөй болгону акимде. Жанагы мен айтып жаткан оокаттардын баарын комиссия түзүп, өткөрүп берсе эле болду. Анан каттоонун акчасын чечип берсеңер. Анан бир камчы керек да, айыл өкмөттөрдү чапканга. Ошолор кабыл албай жатышат", - деди ал.

Айта кетсек, кечээ, 2-апрелдеги парламенттин отурумунда Таштанбеков үч жылдан бери Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы каттоодон өтпөгөн социалдык объектилер боюнча документтерди чогултуп жүргөнүн билдирген. Анда ал социалдык объекттерди убагында менчиктеп алгандар өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатышканын белгилеп, бирок аны мамлекетке каттоодо көйгөйлөр болуп жатканын айткан.

Жогорку Кеңеш 03.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан