НАСА Жерге коркунуч жараткан астероид Ай менен кагышышы мүмкүн экенин жарыялады

Американын НАСА космостук агенттигинин окумуштуулары 2024 YR4 астероидинин Ай менен кагылышуусу ыктымалдыгын эки эсеге көбөйтүштү. Мындай маалымат НАСАнын расмий билдирүүсүндө айтылат.

"НАСАнын Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун эксперттери 2032-жылдын 22-декабрында 2024 YR4 астероидинин Ай менен кагылышуу ыктымалдыгын 3,8 пайызга чейин көтөрүштү", - деп белгиледи НАСА.

2024 YR4 астероиди өткөн жылдын декабрынын аягында Чилидеги ATLAS обсерваториясынын жардамы менен табылган. Эксперттер 2024 YR4 астероиди 2032-жылдын 22-декабрында Жерге жакындашы мүмкүн деп эсептешет. "Астероид ошол эле күнү Ай менен кагышышы мүмкүн. Бирок так прогноздорду алуу азырынча мүмкүн эмес. Астероиддин орбитасы 2028-жылы гана белгилүү болот", - дешет.

Жаңы маалыматтар боюнча, астероиддин диаметри 53-67 метрди түзөт. Ал жерге куласа дээрлик бир шаарды жок кылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан