"Колдорун байлап..." Депутат оорукчан кемпир нотариус тарабынан сабалганын айтып чыкты (видео)

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков оорукчан кемпир нотариус тарабынан сабалганын айтып чыкты.

Жыйында "Нотариалдык иштин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Эл өкүлү эми ал нотариус сот болууга талапкерлердин тизмесинде жүргөнүн белгиледи.

"Психикалык жактан жабыркаган бир оорукчан кемпир бар эле... Аны убагында нотариус колдорун байлап, сабаган. Себеби аны "үйүңдү сатканга кол кой" десе, тиги кол койбой койгон. Анан сабагандан кийин нотариус "ал кол коё турган абалда эмес, анын ордуна кошунасы кол койду" деп туруп, үйүн сатып жиберген. Жакында мен адвокат жалдап, сотто уттум. Бул иште сот аткаруучу менен төргөөчү да бар", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 03.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан