Улуттук онкологиянын жетекчисинин мурунку орун басары оорукананын бир бөлүгүн менчиктештирип алгандыгы айтылды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборуна тиешелүү болгон жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, борбордун директорунун мурдагы орун басары К.О. ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, оорукананын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 0,46 гектар жер тилкесин менчиктеп алган. Ал эми 1997-жылы ал 60 унаа токтотуучу убактылуу гараж уюштуруу максатында жер тилкесин ижарага берүү келишимин түзгөн. Андан соң жер тилкеге эч кандай документтери жана имараттарды курууга уруксат кагазы жок бир нече турак жайларды курган. Алардын биринде өзү 28 жылдан бери жашап, мыйзамсыз басып алуу фактысын жашыруу максатында кыймылсыз мүлккө кандайдыр бир каттоо документтерин тариздеген эмес. Мындан тышкары бул жерге өзүнчө операциялык блок жана бильярд гана курулган.
Бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын же Улуттук онкология жана гематология борборунун муниципалдык менчигинин балансында жок жана кадастр органдары тарабынан 28 жылдан бери идентификациялык код ыйгарылган эмес.
Текшерүүнүн натыйжасында кабыл алынган чаралар менен К.О. жана Улуттук онкология жана гематология борборунун ортосунда түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, 0,46 гектар жер тилкесине идентификациялык код ыйгаруу менен, андан ары мамлекеттин балансына өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан