Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев чет өлөдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды мыйзамдаштырууда ага коюлган сумманы бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүү керектигин айтты.
Ал экономика министринин орун басары Гүлшат Асылбаевадан бул маселени Министрлер кабинети менен талкуулоону суранды.
"Мен эртең менен армиян, абхаз номурлуу унаалардын ээлерин кабыл алдым. Анан силерге сунуш айтайын деп турам. Унааларды легалдаштыруу үчүн 100 миң сом деген баа коюлду. Эл буга каршы эмес, макул. Ушуну этап-этабы менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берсеңиздер. Бир жылга бөлүп төлөөгө болсо. Муну эске алып, жакшы чечим чыгарасыңар деген үмүттөмүн", - деди ал.