"Жылдык аштын ордуна айылга суу чыгарып". Өзгөндө үлгү алчу саамалык болду (видео)

Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылынын тургундары таза суу менен камсыздалды. Бул туурасында тамада Эрнис Бөрүбаев социалдык баракчасынан билдирип, айылдагы үлгү алчу саамалык жылдык ашка кете турган каражатка айылдын тургундары тарабынан ишке ашкандыгын белгилеген.

"Биздин айылда өтө кубанычтуу күн болуп жатат. Орозо айт майрамынын урматына биздин айылда Кожон деген агабыз болгон, анын балдары айылга суу чыгарып берип жатат. Ошондой эле экинчи жакшылык, дагы бир үй-бүлөнүн агасы өткөн. Алар да жылдыгына кеткен каражатка айылга таза суу чыгарып беришти. Кыргызстанда суу жок айылдар көп. Кудайга шүгүр, токчулук заманда жашап жатабыз. Ушундай жакшы саамалыктарга көңүл бурсак болот. Үлгү ала турган, сонун окуя болуп жатат. Мен ушул айылда төрөлгөнүмө сыймыктанам", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн Бөрүбаев.

03.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан