Анастасия Заворотнюк бүгүн 54 жашка чыкмак... Ал тууралуу кызыктар

Орусиянын белгилүү актрисасы Анастасия Заворотнюк тирүү болгондо бүгүн, 3-апрелде 54 жашка чыкмак. Ал актриса эле эмес, алып баруучу жана театр ишмери да болгон. Алдыда кыскача таржымалына токтоло кетели.

  • Туулган айы-жылы: 3-апрель, 1971-жыл.
  • Туулган жери: Астрахань, СССР
  • Билими: Москвадагы искусство театрынын мектебин бүтүргөн.
  • Карьерасы: актриса жана алып баруучу.

Заворотнюктун апасы, Валентина Борисовна, театр актрисасы болгон. Атасы, Юрий Андреевич, телережиссёр болуп иштеген. Режиссёрлор, актёрлор, музыканттар алардын үйүнө коноко бат-баттан келип турушкан. Ошондуктан ал кичинекей кезинен эле сахнага кызыгып чоңойгон. Бирок алгач атасынын кеңеши менен тарых факультетине тапшырган. Бир жылдан кийин Москвадагы искусство театрынын мектебине өткөн.

Актриса алгач театр сахнасында ойноп, кийинчерээк киного тартылган. Студент кезинде Тамара Павлюченко аттуу режиссёр Анастасияны байкап калып, "Машенька" фильминин баш каарманына чакырган. Бул анын биринчи киного тартылышы болгон.

"Менин эң сонун бала багуучум ("Моя прекрасная няня")" телесериалындагы Вика Прутовскаянын образы аны элге таанымал кылып, Орусиянын сүймөнчүк теле жылдызына айланткан. Бул сериал америкалык "The Nanny" шоусунун орусча версиясы болгон.

Бул ролу таанымалдуулукка гана эмес, бир топ сыйлыктарга да жеткирди. Айта кетсек, 2005-жылы ТЭФИ, "Золотой Остап" жана "Женщины года" сыйлыктарынын ээси аталды. Ошондой эле Glamour журналына анын сүрөтү "Жылдын телеактрисасы" наамы менен чыккан.

Андан кийин ал көптөгөн тасмаларда жана сериалдарда ойногон. Алардын айрымдары:

  • "Код Апокалипсиса" (2007)
  • "Всегда говори "всегда"
  • "Жарнама пауза"
  • "Отдел"
  • "Гоголь. Ближайший"

Ошондой эле Орусиянын Голливудка чакыруу алган актёрлорунун тизмегин толуктаган. 2000-жылдардын ортосунда Голливудда тартылган "Код Апокалипсиса" аттуу фильмде роль жараткан. Андан кийин ал жактагы карьерасынын өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок ал Орусиядагы карьерасын улантууну чечкен.

Заворотнюк актёрлуктан тышкары телеалпаруучу катары да эмгектенген. Ал "Ледниковый период", "Танцы со звёздами" сыяктуу популярдуу шоулорду алып барган. 2012-жылы анын өзүнүн жеке шоусу чыккан. Шоу биринчи каналда "Настя" аталышында көрсөтүлүп, чакырылган коноктор менен актуалдуу темаларды талкуулашкан.

Анын сулуулугу жана харизмасы элди суктандырган. Көптөр аны италиялык актриса Софи Лоренге окшоштурушкан.

Жеке турмушунда үч жолу турмушка чыккан. Биринчи никеси бизнесмен Олаф Шварцкопф болгон. Экинчи жолдошу ишкер Дмитрий Стрюков, экөөнүн эки баласы бар. Үчүнчү күйөөсү атактуу фигурист Пётр Чернышёв менен 2008-жылы үйлөнүшкөн. Алардын бир кызы бар.

Анастасия Заворотнюк 2019-жылы мээ рагы (глиобластома) диагнозун алгандан кийин эл алдына көп чыга бербей калган. Анын үй-бүлөсү актрисанын абалы тууралуу маалыматтарды аз берген жана кайда дарыланып жатканын жашырышкан. Бирок күйөрмандары аны колдоону токтоткон эмес.

Актриса кабылган оорусун жеңүүгө бир нече жыл аракет кылган. Бирок 2024-жылдын май айында дүйнөдөн кайткан. Анын жараткан образдары Орусиянын теле тарыхында түбөлүк сакталып калды. Ал эми өзү болсо позитивдүү, таланттуу актриса катары элдин эсинде калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан