Ош шаарынан Алматыга жаңы каттам ачылат 

Ушул жылдын 28-майынан баштап Ош–Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар "Air Astana" авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
"Жүргүнчүлөр заманбап Airbus A320 учактары менен ыңгайлуу шарттарда, тейлөөнүн жогорку деңгээли жана негизги эл аралык хабтарга: Дели, Мумбай, Сеул, Пхукет, Бангкок, Дананг жана башка көптөгөн багыттарга ыңгайлуу уча алышат", - деп билдирди "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан