Токмок шаарындагы көчөдөн 74 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде облустук милицияга Гагарин менен Украина көчөсүнүн кесилишинде жансыз аялдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аялдын өздүгү аныкталып, 1951-жылы туулган Т.Л. аттуу жаран экени такталган.
"Кароо учурунда денеден эч кандай көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн алдын ала себеби – боордун циррозу", - деп билдирди милиция.
Учурда сөөк өлүкканага жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы маалыматта кошумчаланды.