Чыңгыз Айтматовдун атасы баскан жолун баяндап, кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлиги социалдык баракчасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Төрөкул Айтматов тууралуу видео жарыялады.

Андан Айтматовдун сүрөтүн жасалма интеллект аркылуу сүйлөткөнүн көрүүгө болот. Ал өзүнүн баскан жолун баяндап, кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган.

"Урматтуу кыргыз элим, урпактарым, биримдикти жана ынтымакты туу туткула! Кыргыз эли тарыхта далай сыноолорду башынан өткөрдү. Бирок биримдиктин аркасында аман калды. Бүгүн дагы бөлүнбөстөн бир максатты көздөп, өлкөңөрдү өнүктүрүүгө аракет кылгыла. Кыргызстан – эзелтеден эркиндиги бийик элдин мекени. Силер ошол эркиндикти көздүн карегиндей сактап, мамлекетти күчтүү, гүлдөгөн өлкөгө айландыргыла!" - деп сүйлөтөт Айтматовду министрлик ЖИнин жардамы аркылуу.

03.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан