Иорданиянын Амман шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон кыргыз балбандары сыйланды.
Бүгүн, 3-апрелде балбандарды Күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев кабыл алып, аларга ийгилиги үчүн акчалай сыйлык тапшырган.
Тентишев 1-орунду алган балбандарга 200 миң сом берсе, 2-орунду багындыргандарга 150 миң сом, ал эми 3-орунду ээлегендерге 100 миң сом тапшырган. Өз кезегинде спортчулар жана аларды тарбиялаган машыктыруучулары Күрөш федерациясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай көңүл бөлүү спортто дагы да ийгилик жаратууга зор өбөлгө болорун белгилешти.
Жеңишке жеткен спортчулар: Алтын медаль (1-орун): Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы;
Күмүш медаль (2-орун): Орозобек Токтомамбетов; Раззак Бейшекеев;
Коло медаль (3-орун): Калмира Билимбек кызы, Ырыскелди Максатбек уулу.