ФИФАнын президенти Орусиянын дүйнөлүк футболго кайтып келиши тууралуу билдирүү жасады

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Орусияны европалык мелдештерге кайтарууну каалаарын билдирди.

"Биз ар дайым спортту, өзгөчө футболду элдерди жана өлкөлөрдү бириктирүү үчүн колдонобуз. Бөлүнгөн дүйнөбүздө адамдардын бири-бири менен баарлашуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек.

Азыр Украинада тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мен жакында баракты ачып, Орусияны футбол дүйнөсүнө кайтара алабыз деп үмүттөнөм, анткени бул кырдаал жөнгө салынды дегенди билдирет.

Бул үчүн жакшы үмүт кылып турушубуз керек. Анткени футбол – бул бөлүнүү эмес, биригүү", - деген Инфантино Белградда өткөн Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) конгрессинде.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын март айында Украинадагы аскердик жаңжал башталгандан бери Орусиянын футбол командасы жана орус клубдары эл аралык турнирлерден четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан