"51 миң көрүүчү батат". Борбор калаада дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап футбол стадиону курулууда (видео)

Шаарда ФИФАнын талаптарына жооп берген жаңы футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат. Бул арена өлкөдөгү эң ири спорттук объект болуп, улуттук жана эл аралык футболдук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташтырылган. Анын өзгөчөлүктөрү тууралуу президенттин иш башкармалыгынан айтып беришти.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:

  • Жалпы курулуш аянты: 190 000 чарчы метр
  • Стадион: 85 000 чарчы метр
  • Соода-оюн-зоок борбору (ТРЦ): 35 000 чарчы метр
  • Унаа токтотуучу жайлар жана техникалык бөлмөлөр калган аянтты ээлейт
  • Кабаттуулугу: 8 кабат (3 кабаты жер астында, 5 кабаты жер үстүндө)
  • Имараттын жалпы бийиктиги: 70 метр
  • Стадиондун сыйымдуулугу: 51 000 көрүүчү, алардын ичинен:

• 47 800 – стандарттык отургучтар
• калган орундар VIP-зоналар, коноктор үчүн зоналар жана майыптыгы бар адамдар үчүн

Заманбап стадион эл аралык коопсуздук жана ыңгайлуулук талаптарына толук жооп берет. Инфраструктуранын ичинде VIP-зоналар, конокторго арналган орундуктар жана майыптыгы бар жарандар үчүн атайын жабдылган орундар каралган.

Бул стадион ФИФАнын бардык стандарттарына жооп бергендиктен, эл аралык футболдук оюндарды жана чемпиондуктарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул спорттун өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, инвестиция тартууга жана спорттук туризмди жандандырууга шарт түзөт.

Курулуш аяктагандан кийин стадион өлкөнүн башкы спорттук аренасы гана болбостон, шаардык инфратүзүмдүн маанилүү бөлүгү катары футболду жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошот.

03.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан