Самаркандда Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан