Кытай АКШнын импорттолгон товарларга болгон бажы төлөмдөрүн сынга алды

Кытайдын Соода министрлиги АКШнын жаңы бажы тарифтерине нааразылыгын билдирди. Алар көп жылдык соода сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна бул кадам доо келтире тургандыгын айтышкан. Бул туурасында министрликтин сайтына шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, документте Америка Кошмо Штаттары эл аралык соодадан буга чейин эле олуттуу пайда алып жүргөнүн эске салган. Ошондой эле Кытай бийлиги АКШнын субъективдүү бир тараптуу баа берүүсү эл аралык сооданын эрежелерине туура келбегендигин жана тиешелүү тараптардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирип жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 9-апрелден тарта америкалык соода өнөктөштөрүнө бажы төлөмдөрү боюнча тарифтерди киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Тизмеде ондогон өлкөлөр бар, алардын катарын Кытай да толуктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан