АКШнын тариф саясатынан улам Apple бир күндө 300 миллиард доллар жоготкон 

Кечээ, 3-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп өлкөгө импорттолгон товарларга жаңы бажы алымдарын жарыялагандан кийин Apple компаниясынын акциялары төмөндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Apple компаниясынын акциялары 9 пайызга ылдыйлап, дээрлик 300 миллиард доллар жоготууга учураган. Мындан тышкары АКШдагы технологиялык компаниялардын акциялары: Microsoft 3 пайызга, Meta 8 пайызга, Amazon 9 пайызга, Google 4 пайызга жана Tesla 7 пайызга төмөндөгөн.

Эксперттердин айтымында, жуманын соңуна чейин Apple компаниясынын акциясынын баасы ушул деңгээлде кала берсе, бул пандемиядан берки эң чоң суммадагы төмөндөө болот. Ошондой эле көптөгөн технология гиганттары өз продукциясын чет өлкөдө Кытай, Вьетнам жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө өндүргөнү белгилүү, алар товарларды импорттоодо коюлган тарифтерден улам олуттуу жоготууларга учурашы мүмкүн экенин белгилешкен.

Белгилей кетсек, Трамп кечээ, 3-мартка караган түнү дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялады. Алардын катарын Кыргызстан да толуктайт.

Таблицада АКШ Евробиримдиктен - 20 пайыз, Кытайдан - 34, Улуу Британиядан - 10, Вьетнамдан - 46 жана Индиядан - 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтер киргизилген. Кийинчерээк Ак үй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген тарифтердин толук таблицасын жарыялаган. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 10 пайыз бажы алымдары киргизилген, анткени бул мамлекеттерде АКШдан келген товарлардын тарифтери окшош.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан