Бишкекте укук коргоо кызматкерине пара берүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери 40 жаштагы жарандын үстүнөн ыкчам иштерди жүргүзүп жаткан учурда, ал күбө статусун калтыруу үчүн 4 миң доллар сунуштаган. Шектүү Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 325 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда. Райондук милиция мамлекеттик кызматкерлерге өз кызыкчылыгын чечүү максатында пара берүү кылмыш экенин жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.