Ошто 20 жыл мурун менчиктештирилген жерге заңгыраган имарат салынган... Мүлк мамлекетке алынды 

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансынан мыйзамсыз чыгарылган жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы акимчиликтин айрым кызмат адамдары райондук администрациясынын аймагында жайгашкан жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөктөшкөн. Мындан улам жер менчиктелип, кийин эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.

Атайын кызмат убагында менчиктештирилип кеткен жер имараты менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан