"Курорт куруу, электрондук резиденция системасы". Амангелдиев япониялык инвесторлор менен жолукту

Бүгүн, 4-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев япониялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулады. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

  • Ысык-Көл облусундагы “Аалам ордо” этно-комплексинде 300 турак жайга эсептелген “CI Resort” жыл бою иштей турган курорттук комплексинин курулушу облустун туризм инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.
  • Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорго компанияларды аралыктан каттоого, банктык эсептерди ачууга жана бизнести онлайн режимде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачкан алдыңкы электрондук резиденция системасын (e-Residency) киргизүү, бул инвестициялык процессти кыйла жөнөкөйлөтөт.
  • QR-коддоруна негизделген заманбап төлөм системаларын өнүктүрүү, бул финансылык операциялардын ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
  • Саламаттык сактоо тармагында заманбап диагностикалык борборлорду түзүүгө жана квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.

Амангелдиев Кыргызстан жапон инвесторлору үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди берүүгө, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоого даяр экендигин ырастагандыгы кошумчаланган. Ал Кыргызстан Борбор Азиядагы либералдуу салык режимин, ыңгайлуу географиялык жайгашууну жана жагымдуу бизнес чөйрөсүн сунуштай турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан